Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

УКМК: Өкмөт аппаратынын, Финполдун мурдагы жетекчиси камалды


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү катары өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев кармалды. Бул тууралуу 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Алар Финполдо аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени оңунан чечүүгө убада берип жеке ишкерден акча алышкан деп шек саналууда.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталып, экөө тең 19-октябрда атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, Кытайдан ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк эти боюнча кылмыш иши Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында 2018-жылы козголгон. Кийин бул ишке байланыштуу маалыматтарда 50 миң доллардык пара боюнча Жамгырчиев менен Калмуратовдун аты аталган.

Эмил Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. Ал административдик башкаруу боюнча штабды жетектечү.

Бактыбек Калмуратов өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп 2019-жылдын июнь айында дайындалып, ошол жылдын октябрь айында бошотулган.

Жамгырчиев 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорго жооп берип, аларды «ыплас ушак» деп атаган.

УКМКнын билдирүүсүнө байланыштуу Жамгырчиевдин жана Калмуратовдун тарапкерлери же жактоочулары комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG