Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Финпол: Абылгазиев менен Жумалиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды


Мухаммедкалый Абылгазиев, мурдагы өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев, мурдагы өкмөт башчы.

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынды.

Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур 20-октябрда «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, эгерде Абылгазиев менен Жумалиев өлкөдөн чыгууга аракет кылса, Финансы полициясына жеткирилет. Пискур алардын чет өлкөгө чыгышын мекеме кайсы иштин негизинде чектеп жатканы тууралуу айткан жок. Толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин тарапкеринин «Азаттыкка» билдиргенине караганда мурдагы премьер-министр учурда Бишкек шаарында жана анын жашаган жери укук коргоо органдарына белгилүү. Тарапкердин айтымында, Абылгазиев: «Ар кандай суроолорго өлкө мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө даярмын. Бул боюнча бир нече жолу айтканмын жана бул жолу дагы бир ирет ырастайм», - деген.

Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» эч кандай комментарий бере албай турганын айтты.

Быйыл сентябрда мурдагы премьер-министр Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдиктер тууралуу Финпол тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнда кызматтан кеткен.

Ал эми Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин учурда Финансы полициясын жетектеп жаткан Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Депутаттын пайдасына Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүлө турган болгон.

Жапыкеев ага дейре Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. «Ар-намыска шек келтирди» деген негизде ал активист Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы парламентке «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Учурда Финполду премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык Сыймык Жапыкеев башкарып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG