Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Франция менен Ирактын жетекчилери терроризмге каршы күрөштү талкуулады


Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Кадхими.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Кадхими.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ирактын премьер-министри Мустафа ал-Кадхими Париждеги жолугушууда терроризмге каршы күрөштүн маанисин белгилешти.

Өткөн айда француз лидери Багдаддагы сапарында Ирак өкмөтүнүн алдында «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөшүү жана сырткы күчтөрдүн өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө милдети турганын билдирди.

Макрондун кеңсеси 19-октябрда маалымдагандай, лидерлер франциялык «Алстом» компаниясынын Багдадда метро куруу долбоорун кубатташты.

Ал-Кадхими быйыл май айында кызматка киришкен. Анын өкмөтү «өлкөнүн туруктуулугун бузууга аракет кылган кылмыштуу куралчан топторго каршы күрөшөрүнө», курал-жаракты көзөмөлдөөгө убада берген.

XS
SM
MD
LG