Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Орусияда коронавирустан акыркы суткада 317 адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бир суткада коронавирустан 317 адам каза болду. Бул өлкөнүн коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабынын маалыматы боюнча, бул эпидемия башталгандан бери эң чоң көрсөткүч болуп калды. Орусияда каза болгондордун саны 25 миңге жетти.

Бул статистикага СOVID-19 вирусу өлүмдүн башкы себеби катары аныкталгандар гана киргизилди. Ал эми вирус жугузуп, бирок башка илдеттерден улам каза болгондорду эсептегенде бул көрсөткүч кыйла көп болушу мүмкүн.

Соңку суткада аннексияланган Крымды кошкондо Орусияда 15 700 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен эң көп вирус жугузган 4389 адам баш калаа Москвада катталды.

XS
SM
MD
LG