Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

COVID-19: Бир күндө вирус дагы 420 кишиден аныкталды


Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-октябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 56 170 адамды түздү. Анын 47 843ү сакайганы айтылды. Бир күндө 227 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1134 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3399 бейтап стационарда, 3274ү үй шартында дарыланууда.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы күчөп жатканына байланыштуу август айында жабылган убактылуу стационарлар кайра ачылып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG