Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Бишкектин эки вице-мэри кызматын тапшырды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкектин төрт вице-мэринин экөө бүгүн, 27-октябрда кызматтан кетти. Алар – мэрдин турак жай-коммуналдык маселелерди тейлеген орун басары Алымбек Абдылдаев жана социалдык саясатка жооптуу вице-мэр Виктория Мозгачева. Бул тууралуу «Азаттыкка» Виктория Мозгачева кабарлады.

Ал иштен кетүү тууралуу арыз жазып, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгонун, Абдылдаевдин да арызы канааттандырылганын билдирди.

Баш калаанын биринчи вице-мэринен тышкары дагы төртөө, жалпысынан беш вице-мэри бар.

Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан Балбак Түлөбаев дайындалган.

Буга чейин «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын директору болгон Мозгачева вице-мэрликке туура үч ай мурда, ал эми «Бишкекжарык» ишканасын жетектеп келген Алымбек Абдылдаев 1,5 ай мурда дайындалган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG