Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

«Клооп» документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тарткан Юстиция министрлигин соттон утуп алды


«Клооп» басылмасынын сайтынын скриншоту. Архивдик сүрөт.
«Клооп» басылмасынын сайтынын скриншоту. Архивдик сүрөт.

29-октябрда Бишкектин административдик соту «Клооп» басылмасынын Юстиция министрлигине жазган доо арызын карап, аны канааттандырды. Медиа мекеменин компаниялардын документтеринин көчүрмөлөрүн бербөө үчүн колдонулган буйругун жокко чыгарууну талап кылган эле.

Маалым болгондой, Юстиция министрлиги 2020-жылдын башынан тартып юридикалык жактардын каттоо документтеринин көчүрмөлөрүн кеп болгон басылмага берүүнү токтотуп койгон. Министрлик мекеме ээлеринин жеке маалыматтарын коргоо максатында ушундай кадамга барып жаткандыгын түшүндүрүп, тиешелүү буйрук чыгарган.

«Клооп» басылмасы «Маалыматка жетүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелер мындай маалыматтарды берүүгө милдеттүү экенине басым жасап, сотко кайрылган эле.

Юстиция министрлигинин сотко катышкан өкүлү Жанара Замирбек кызы «Азаттыкка» комментарий берүүдөн карманып, чечим боюнча жогорку инстанцияга даттанар-даттанбасын тактаган жок.

«Клооп» басылмасы Юстиция министрлиги маалымат берүүдөн баш тартса, анда коомчулук аткаминерлер менен саясатчылардын мыйзам бузганы тууралуу билбей каларын жүйө келтирген. Биринчи соттук отурум 20-октябрда болгон. (ErN\AiB)

XS
SM
MD
LG