Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамы качан калыбына келери белгисиз


«Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын учактары.
«Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын учактары.

Өзбекстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү Ташкент жана Дүйшөмбү шаарларынын ортосунда аба байланышын калыбына келтирүүнүн так мөөнөтүн аныкташа элек.

Октябрдын ортосунда тараптар эки шаардын ортосундагы аба байланышын 1-ноябрга чейин калыбына келтирүү маселесин талкуулашкан. «Азия-Плюс» басылмасы өз булактарына таянып, көп өтпөй бул мөөнөт 1-декабрга жылганын, азыр каттамдарды 1-январдан тартып аткара баштоо каралып жатканын билдирүүдө.

Маалыматта бул боюнча акыркы чечим кабыл алууга эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын оордугу себеп болгону айтылат.

Ал ортодо Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги Ташкентке каттоого уруксат алганы, бирок алгачкы каттамдын датасы белгисиз экени кабарланды.

Агенттиктин кызматкери жакынкы күндөрү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү онлайн жолугушуу өткөрүп, каттамдардын жадыбалы бекитиле турганын билдирди.

Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы аба байланышы 16-мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

XS
SM
MD
LG