Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:23

Коронавирус жуккан 90 кишинин абалы өтө оор


Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөндөрдүн арасында 90 киши өтө оор абалда жатат. Дагы 877 бейтап оор, 2314ү орточо, калгандары канааттандырарлык абалда деп бааланууда. COVID-19 илдетине каршы республикалык штаб 30-октябрда ушундай маалымат таратты.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 58394 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандар - 49 522 киши. Каза болгондор 1142 кишиге жетти.

Учурда 3359 бейтап стационарда, башкалары үй шартында дарыланууда.

30-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония үч кишинин өмүрүн алып, 596 адам ооруну жугузуп алганы аныкталды.

Ооруну жаңы жугузуп алгандардын аймактардагы эсеби:

Бишкек шаары - 136;

Баткен облусу - 112;

Жалал-Абад облусу - 91;

Чүй облусу - 89;

Ош облусу – 64;

Талас облусу – 39;

Ысык-Көл облусу – 35;

Ош шаары – 23;

Нарын облусу – жети киши.

Кытайдын Ухань калаасынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылып, 45 миллиондон ашуун адамга жукту. Кыргызстанда ооруга чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG