Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликчил партия алдыга чыкты


Грузиядагы парламенттик шайлоодо добуштарды эсептөө учуру. 31-октябрь, 2020-жыл.
Грузиядагы парламенттик шайлоодо добуштарды эсептөө учуру. 31-октябрь, 2020-жыл.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыктарын жарыялады. Комиссиянын өкүлү Тамар Жвания журналисттерге билдиргендей, протоколдордун 28.2% (3847 тилкенин 1085и) саналып чыкты.

Баштапкы көрсөткүчтөргө ылайык, башкаруучу «Грузин кыялы – демократиялык Грузия» партиясы 54.72% добуш алды. Ал эми башкы оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясы 23.61% добушка ээ болду.

«Бакрадзе, Угулава, Бокерия – Европалык Грузия» – 3.99%, «Патриоттор Альянсы» – 3.34%, «Лело – Мамука Хазарадзе» – 2.66%, «Георгий Вашадзе – Агмашенебелинин Стратегиясы» – 2.46%, «Гирчи» – 1.91% алып, босого баллдан өтүп жатат.

«Алеко Элисашвили – Жарандар» – 0.93%, Лейбористтик партия – 0.92%, «Нино Бурджанадзе – Бирдиктүү Грузия» – 0.73% партияларынын добуштары чекке жете элек.

Мурдараак үч компания жүргүзгөн экзитполдун жыйынтыгы боюнча да бийликчил партия алдыга чыкты. «Грузин кыялы – демократиялык Грузия» анын биринде 41%, экинчисинде 51%, үчүнчүсүндө 54% добушка ээ болгону көрсөтүлгөн. «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясыныкы 24-25%, 33% жыйынтыктарды берген.

Добушканалардын протоколдору толук эсептелгенден кийин көрсөткүчтөр дагы өзгөрүшү мүмкүн.

«Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясынын өкүлдөрү БШКны фальсификацияга айыптоодо. Аталган партия утуп чыкса Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини өкмөт башчылыкка алып келерин жарыялаган.

Шайлоодо 56,11% - 1 970 540 шайлоочу добуш берди. Саясий жарышка 48 партия жана эки блок катышты.

Шайлоочулар 150 депутатты – 120сын пропорционалдык системада, 30ун мажоритардык же бир мандаттуу системада тандады. Бир мандаттуу округдардын айрымдарында шайлоо кайра өтүшү ыктымалдыгы кабарланды.

Грузияда быйыл бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүнөн кийин шайлоо мыйзамдары реформаланып, парламентке өтүү босогосу 1% түшүрүлгөн. Буга чейин босого 5% түзгөн. Ошондой эле 150 депутаттын 30у гана мажоритардык округдардан шайланмай болгон. Акыркы чакырылышта 77 депутат партиялык тизме менен, 73 депутат мажоритардык округдардан шайланып келишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG