Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Сүрөтчүлөр союзунун республикалык күзгү көргөзмөсү ачылат


Улуттук сүрөт өнөр музейи.
Улуттук сүрөт өнөр музейи.

Бүгүн, 2-октябрда Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт өнөр музейинде Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун республикалык күзгү көргөзмөсү ачылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, бул жолу Сүрөтчүлөр союзунун күзгү көргөзмөсү Советтер Союзунун Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңишинин 75 жылдыгына арналат.

Быйыл Жеңиш күнүнө карата бир катар республикалык жана эл аралык иш-чаралар пландалган болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алардын көбү өткөн жок. Коомдук-маданий жайлар бир нече ай жабык туруп, кийин гана санитардык эрежелерди сактоо менен иштөөгө уруксат берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG