Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Казакстанда экс-министр Елжан Биртанов кармалганы расмий ырасталды


Елжан Биртанов.
Елжан Биртанов.

Казакстандын Финансы министрлигинин финансылык мониторинг боюнча комитети мурдагы саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кармалганын ырастады.

Аталган комитет тараткан маалыматта Биртановго өтө көп өлчөмдөгү бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу фактысы боюнча иш козголгону айтылат. Андагы маалыматка ылайык, мурдагы министр cоттун чечими менен камакка алынган.

Елжан Биртановдун коррупция боюнча шектүү катары кармалганын өткөн аптанын соңунда казакстандык медиа каражаттары өз булактарына таянып, жазып чыгышкан. Аны расмий органдар ырастай элек болчу.

49 жаштагы Биртанов 2017-жылдан быйыл июнь айына чейин министр болгон. Ал Казакстанда коронавирус жуккандар кескин көбөйүп, ооруканаларда орун жетишпей жаткан учурда кызматтан кеткен. Өзү да вирус жугузуп алганы айтылган Биртанов дарылануу үчүн жумушун тапшырганы кабарланган.

Бирок быйыл август айында Биртановдун мурдагы орун басарларынын бири Олжас Абишев бюджеттен бөлүнгөн 500 миллион теңгени максатсыз пайдаланууга байланыштуу шектүү катары камакка алынган болчу.

XS
SM
MD
LG