Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Министр Казакбаев Түркияга барарда түрк ишкерлери менен жолукту


Түркияда Ноорузду майрамдоо учуру.
Түркияда Ноорузду майрамдоо учуру.

3-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстан менен кызматташкан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин сайты жазды. Маалыматка караганда жолугушууда министр Измирдеги зилзала курмандыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Кыргызстандын бийлигинин коронавируска каршы күрөш, саясий турукташтыруу, конституциялык реформа жүргүзүү багытында жасап жаткан аракеттери тууралуу маалымат берди.

Кыргызстанда иштеп жаткан түркиялык ишкер чөйрөгө жагымдуу шарт түзүү, инвесторлорду коргоо жана колдоо маселесине жолугушууда өзгөчө маани берилди.

Жолугушуу Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Ага Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Фырат, соода өкүлү Бехзат Эртен, түркиялык ишкерлердин TUKID, «Евразия Бизнес Клубу» ассоциацияларынын, «Эгемендик» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жаңы ректору Алпарслан Жейлан катышты.

Ушул эле күнү министр Руслан Казакбаев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жаңы ректору Алпарслан Жейлан менен өзүнчө жолугушту. Министр бул окуу жайы жалаң эле Кыргызстанда эмес, Борбор Азиядагы үлгүлүү билим борбору болушу керек экенин айтты. Университеттин базасында технопарк куруу маселеси да талкууланды.

ТИМдин маалыматына караганда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 9-11-ноябрь аралыгында Түркияда иш сапарында болот.

4-октябрдан кийинки бийлик алмашууда келген тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен 19-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Андан мурдараак түркиялык башкы маалымат каражаттарынын бири "TRT Haber" мамлекеттик телеканалы түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргызстанда 15-октябрда расмий ишке ашкан бийлик алмашуу тууралуу ошол эле 15-октябрда айткан сөзүн чыгарган. Анда министр Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларда Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу бар экенин ишарат кылган.

Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү жыл башында 400 миллион долларды түзгөн. 2018-жылы Түркиядан 93 миллион доллар инвестиция келген. Түрк ишкерлери Кыргызстанда тоо кен, соода, өнөр жай, билим берүү, калкка кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG