Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25
Жо Байден
Жо Байден

АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү.

Добуш берүүнүн картасын бул жерден көрсөңүз болот.

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды

Жо Байден менен Камала Харрис
Жо Байден менен Камала Харрис

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Пенсильвания штатында ал шайлоочулар коллегиясынын 20 добушун алды. Ага удаа эле Невада штатынын алты добушу да кошулду. Натыйжада Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Мындан сырткары Жоржия, Аризона штаттарында добуштар саналып бүтө элек. Бул штаттарда да Жо Байден Республикалык партиянын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамптан алдыда бара жатат.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

78 жаштагы Жо Байден менен бирге 56 жаштагы Камала Харрис вице-президент болуп шайланды. Харристин атасы - АКШга 1961-жылы Ямайкадан көчүп келген, Стэнфорд университетинин профессору. Апасы 1959-жылы Индиядан келип, Америкадагы онкология жана гендик изилдөө тармагында биолог болуп эмгектенген. Харрис өзү узак убакыт бою Калифорнияда башкы прокурор болуп, 2017-жылы Конгресске шайланган.

Байден расмий кызматка 2021-жылдын 20-январынан тарта киришип, АКШнын тарыхындагы 46-президент болуп калмакчы.

АКШ-Кыргызстан кызматташтыгы кыр ашабы?​ Вашингтондун Борбор Азия саясаты буга чейин кандай болуп келди жана кандай өзгөрүшү мүмкүн?

АКШ-Кыргызстан кызматташтыгы кыр ашабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:54 0:00

Байден: Шайлоодо жеңдим деп айтууга али эрте

АКШ президенттигине талапкер Жо Байден “президенттик шайлоону жеңип чыгышым мүмкүн” деп айтканы менен “так кесе жеңдим деп айтууга эрте” деди. 7-ноябрда Аризона, Невада жана Пенсильвания штаттарындагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы чыгып, Байден алдыда баратканы маалым болду.

АКШдагы шайлоо учурунда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүп жатат.

Президенттик шайлоодо 100 миллиондон ашуун шайлоочу алдын ала добуш берди.

Ушул тапта Байден шайлоочулар коллегиясынын 253, ал эми Трамп 214 добушун алды.

Байден Пенсильванияда, Жоржияда Трамптан озуп баратат

Америкалыктар «ар бир добуш саналсын» деген ураан жазып көтөрүп турушат.
Америкалыктар «ар бир добуш саналсын» деген ураан жазып көтөрүп турушат.

АКШда Демократтар партиясынан президенттике талапкер Жо Байден саясий атаандашы, дагы бир кызматтык мөөнөттү көздөп турган Дональд Трамптан чечүүчү Жоржия, Пенсильвания штаттарында озуп баратат.

Жоржияда Байден Трамптан 1100дөй добуш көбүрөөк алды. Бул штаттын шайлоочулар коллегиясы 16 добуш берет. Эгер бул штатты Трамп колдон чыгарса анда жеңиш үчүн керектүү болгон 270 добушту топтой албай калат.

Эгер Байден Жоржияда утуп чыкса анда 1992-жылы Билл Клинтондон кийинки бул штатта жеңген демократ талапкер болуп калат.

Алдын ала жыйынтык боюнча Байден Пенсильванияда Трампка караганда 5,5 миңден көп добуш алды. Эгер демократтардын талапкери бул штатта жеңүүчү деп табылса, анда ага шайлоочулар коллегиясынын 273 добушу тиет.

АКШда президент боло турган талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушуна ээ болушу керек. Бир топ добуштар санала элек болгондуктан Дональд Трампты бул штатта утулду деп айтууга эрте.

АКШда бул жолку президенттик шайлоодо коронавирус пандемиясынан улам он миллиондогон жаран почта аркылуу добуш берген жана бир топ штаттарда добуш саноо уланып жатат.

Трамп шайлоодо жеңгенин айтып, добуштарды саноону токтотууну талап кылган. Байден болсо ар бир добуш саналышы керек экенин билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG