Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

АКШдагы шайлоо: Дональд Трамп менен Жо Байден тизгин кагышып келатат


Президент Дональд Трамп (оңдо) жана мурдагы вице-президент Жо Байден.
Президент Дональд Трамп (оңдо) жана мурдагы вице-президент Жо Байден.

АКШнын башкы маалымат каражаттары президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялап жатышат. Ага ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден тизгин кагышып келатат.

Ушул сааттарга ылайык, Трамп Кентукки, Оклахома, Теннеси, Алабама, Миссисипи, Батыш Виргиния штаттарында алдыга чыгууда. Эгер божомол туура чыкса, бул штаттардан Трамп шайлоочулар коллегиясынын 46 мүчөсүнүн добушуна ээ болот.

Демократтардын талапкери Жо Байден Вермонт, Массачусетс, Коннектикут, Нью-Жерси, Делавэр штаттарында алдыга суурулуп чыгууда. Алдын ала божомолдор ырасталса, Байден бул штаттарда шайлоочулар коллегиясынын 42 добушуна ээ болот.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

Азырынча жогорудагы штаттарда добуштардын баары саналып бүтө элек. Бир топ штаттарда миллиондогон шайлоочулар алдын ала добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG