Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Башкы прокуратура: «Сандалаш» коругунда мамлекетке бир миллиард сом зыян келтирилген факт аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусундагы «Сандалаш» коругуна тийиштүү жер тилкесин тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүүнүн натыйжасында мамлекет бир миллиард сомдон ашык зыян тартканы аныкталды. Бул тууралуу 5-ноябрда Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик кызматкерлер коруктун бир бөлүгүн мыйзамда белгиленген тартипти бузуп, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жерин башка категорияга которбостон, токой жана айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтурбастан пайдаланууга беришкен.

«Башкы прокуратура аталган фактыны 3-ноябрда Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алып, сотко чейинки териштирүү башталды», деп айтылат мекеменин маалыматында.

Өкмөттүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун аймагында жалпы аянты 25 270 гектарды түзгөн «Сандалаш» коругу уюштурулган.

2012-жылдын август айында өкмөттүн токтому менен алтын кенин иштетиш үчүн компаниялардын бирине ижарага берилген 3 661 гектар жер тилкесинин бир бөлүгү (1124,7 гектар) жогорудагы коруктун аймагында жайгашкандыгы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш жерлеринин категориясына кирери аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG