Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:25

COVID-19: Дагы беш киши каза болду, 571 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Талас облусунун, экөө Бишкек шаарынын жана бирөө Баткен облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандар 1182 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 571 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында.

Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 63 390 кишиге жетти.

Бир күндө 406 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3457 адам жатат, дагы 3737 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3649 адамга жетти, алардын 3436сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору эки дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG