Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

ИИМ: Балыкчыда курал-жарак катылган жер табылды


Балыкчы шаарынын аймагынан табылган курал-жарак.
Балыкчы шаарынын аймагынан табылган курал-жарак.

Балыкчы шаарынын чет-жакасында курал-жарак катылган жер табылды. Бул тууралуу 9-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматына быйыл март айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамба жакта эки адам жашырынып, буюмдарды көөмп жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Факт облустук милицияда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган. Издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада таштарга көмүлгөн баштык табылган. Анын ичинен 5,45 мм калибрлүү Калашников автоматы, аскердик жардыруучу граната, бычак жана баңгизат чыккан.

Милиция бул ишке тиешеси бар адамдарды издей баштады, табылган буюмдар боюнча экспертиза дайындалды. (RK)

XS
SM
MD
LG