Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Жапаров ШКУ саммитинде темир жол долбоору боюнча маселе көтөрдү


Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) 10-ноябрда өткөн кезектеги саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча маселени көтөрдү.

«Пандемия аймактык масштабда транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү экенин көрсөттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келечекте биздин аймакты Жакынкы Чыгыш жана Европа мамлекеттери менен байланыштырып, өз ара сооданын өсүшүнө шарт түзөт», - деди ал.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу саммит онлайн форматта өтүп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери катышты.

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келет. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу боюнча демилге көтөргөн. Бирок аны эч кайсы тарап колдогон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрутту сунуш кылган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG