Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

15:47 12.11.2020

Садыр Жапаровдун маалымат жыйынын толугу менен видеодон көрө аласыз.

15:32 12.11.2020

Садыр Жапаров: Эжеме саясий буюртма менен кылмыш иши козголгон

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова жана ал тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айткандары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Эркин Асрандиевдин эжем боюнча жазганын окудум. Банкты жетектеген, акчаларды чыгарып кеткен деген экен. Бул өзү толук маалыматы жок, ошол убакта мага оппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Мунун баары, менин эжекем боюнча саясий буюртма болгон. Кылмыш иши жашыруун эмес, буюртма менен ачылган кылмыш иши. Барып, таанышып көрсөңүздөр болот. Эгерде сиздерди кызыктырса, өзүм деле көчүрмөлөрүн алып сиздерге берсем болот. Ошол жерден анан көрөсүздөр. Бул дагы саясий куугунтук. Мени 8-10 жыл куугунтуктады. Мени эле эмес, бүтүндөй бир туугандарымды, үй-бүлөмдү, жакын досторумду куугунтуктады. Кызматтан алды. Кээ бирөө качып чет өлкөдө жүрүштү. Менин бир тууган эжем да ошондой болгон. А бул Асрандиев банк жоюлган кезде консерватор болгон турбайбы. Ошондо козголгон кылмыш ишин окуп алып эле... Биринчи жазганга жамандаса эле элдин баары ишене берет эмеспи. Убакыт өтүп чындык чыкканда кайра ойлонуп калышат",- деди Жапаров.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол Польшадан кармалган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирген. Кийинчерээк Польшада кармалган Жапарова кайра бошотулганы кабарланган.

Быйыл октябрда бийлик алмашканда мурдагы премьер Кубатбек Бороновдун өкмөтүндө иштеген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Райкүл Жапаровага байланыштуу иш боюнча шек саноосу бар экенинен улам жаңы бийлик менен иштешүүдөн баш тартканын билдирген.

4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйынында Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча өтүнүч Польшага кайра жиберилген жок деп маалымдаган.

15:28 12.11.2020

Садыр Жапаров: Урматтуу ЖМК өкүлдөрү. Кокус өкмөт, талапкерлер, мен тууралуу кара пиарлар чыкса, дароо мага кайрылсаңар болот. Мен силерге ачыкмын.

15:26 12.11.2020

Садыр Жапаров: Шайлоодон жеңилип калсам, менин тарапташтарым көчөгө чыкпайт. Административдик ресурс колдонулса, сатып алуулар болсо бизге жазыңыздар. Чара көрөлү. Таза шайлоо боюнча блок-чейн системасын киргизгени жатабыз. Бул жерде жасалмалоо, бурмалоо болбойт. Тышта жүргөндөр да добуш бере алат.

Тышкы күчтөр колдобосо эмне кылабыз? Биз элге гана таянабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG