Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

15:18 12.11.2020

Израилдик компания менен 1 млн. долларга түзүлгөн келишим боюнча Садыр Жапаровдун жообу:

15:16 12.11.2020

Садыр Жапаров: Өмүрбек Бабанов кызмат сураган жок. ​Кызмат бөлүштүрүүнүн арты жакшылыкка алып келген жок. Аны баарыбыз көрүп турабыз. Мамлекетке мамлекеттик жол менен баралы. Баш мыйзамды өзгөртүп алалы анан.

15:14 12.11.2020

"Супер ТВнын" жетекчиси Шаиста Шатманова: Коомдо Кыргызстандын ажолору ажыдаарга айланып кетет деген хикая жүрөт. Сиз бийликке келгениңизге бир ай болбой жатып "Азаттык" тууралуу айтып кеттиңиз. Сиз ажыдаар болбойм деп убада бере аласызбы, болуп кетпей турган иммунитет барбы?

Садыр Жапаров: "Азаттыкты" мен акыркы сегиз жылда тынбай угуп келгем. Акыркы бир айда убакыт жок укпай калдым. Анан өткөндө "Азаттык" жамандап атат дегенинен уксам, чындап эле менин сөзүмдү бурмалаган учурлар бар экен. Мен "Азаттыктан" суранат элем, андай кылбаңыздар. Эгер бир маселе болсо, кайрылгыла. Ажыдаар болуп кетпейм. Биз өткөндөн сабак алышыбыз керек.

15:07 12.11.2020

"Спутник" агенттиги коронавирус күчөп атканда Садыр Жапаровдун түштүккө барып, эл алдына чыкканын мисалга тартып, "бул мамлекеттин эсебинен үгүт жүргүзүү эмеспи?" деген суроо салды.

Садыр Жапаров: Биз журналисттер айтты деп коркпошубуз керек. Мен ал жакка улут аралык жаңжал чыкпасын деп бардым.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG