Керимбек Калыкулов ОшТВ телеканалына башкы директор болуп кайра дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Калыкулов өзү тастыктады.
Ал 2020-жылдын январь-октябрь айларында ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Октябрдагы саясий башаламандыктан соң бийлик алмашып, 19-октябрда ЭлТРдин жетекчиси кызматынан бошотулган эле.
Жамааттын басымдуу бөлүгү аны колдоп, өкмөттөн кызматтан кетирбөөнү суранышкан, аны колдогон бир канча акциялар уюштурган.
39 жаштагы Керим Калыкулов ОшМУнун студенттик «Нур» гезитинде башкы редактор, окуу жайынын «Үмүт» телестудиясында директор, ОшМУда окутуучу, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштеген. Ош шаардык «Ош шамы» гезитинин башкы редактору болуп, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун басма сөз кызматын, ОшТВ телеканалын жетектеген.