Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Колумбия менен Гондураста «Йота» шамалында жоголгондор изделип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

«Йота» катуу шамалынан жапа чеккен Колумбия менен Гондураста табыгый кырсыктын кесепетинен дайынсыз жоголгондорду алардын туугандары, жакындары издеп жатат. Кубаты эң жогорку, бешинчи деңгээлге жеткен катуу шамалдын айынан 16-ноябрда Колумбияга караштуу Провиденсия архипелагынын дээрлик 98% кыйрап калган. Бийлик эки жаран каза болгонун ырастады. Куткарылган жергиликтүү тургундардын көбү жакын жердеги аралга көчүрүлдү.

Жалпы аймакта ураган бери дегенде 27 адамдын өмүрүн алды. Куткаруучулар бул көрсөткүч көбөйүшү ыктымал экенин, алар алыскы айыл-кыштактарга жете элек экенин эскертип жатышат.

Гондураста 70 миңдей киши коопсуз аймактарга көчүрүлдү. АКШнын Урагандарга байкоо жүргүзүү боюнча улуттук борбору билдиргендей, «Йота» алсыраганы менен анын кесепети Борбордук Америка аймагында 19-ноябрга чейин созулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG