Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

23:44 20.11.2020

Мадумаров кыргызстандыктарды супер-президенттик башкарууга каршы турууга чакырды

Президенттикке талапкер катары арыз тапшырган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоорун кескин сындаган кайрылуу таратты. Жазуу түрүндө анын кайрылуусу «Бийлик узурпациясына – жок, элге каршы Конституцияга – жок, адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушуна – жок» деп башталат.

Мадумаров өз кайрылуусунда алтынча чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын, бул парламент мыйзам долбоорун элге алып чыгууга укугу жок экенин белгилеп, 2021-жылдын 10-январына референдум дайындоого моралдык да, юридикалык да укугу жок экенин айтты.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.


Саясатчы Баш мыйзамдын долбоорун сунуш кылгандар бардык мыйзамдарды одоно бузуп жатканын белгилеген.

««Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесиндеги 3-бөлүмүнө ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн референдум жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөндөн бир айдан эрте эмес, үч айдан кеч мөөнөттө, депутаттардын көпчүлүк добушу (жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес) менен кабыл алынышы керек», деп айтылат кайрылууда.

Мадумаров 114-беренеге ылайык, азыркы Конституцияга өзгөртүү гана киргизүүгө мүмкүн экенин айтып, бул эреже улам жаңы келген бийликтин кайра-кайра Баш мыйзамды өзгөртүшүнөн коргош үчүн киргизилгенин айтат. Баш мыйзам мамлекеттик системадагы бардык мыйзамдардын фундаменти экенин белгилеп, ал кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына колдонулбашы керек экени айтылат.

Партия лидери Садыр Жапаровдун 114-беренеге каршы айткан пикирине жооп берип, Конституциянын айынан эмес коркок жана принципке турбаган депутаттар үчүн мурунку президенттер башаламан башкарууга барышканын жүйө кылган.

Саясатчы Баш мыйзамдын сунушталган жаңы долбоорунда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын теңме-тең бөлүштүрүү эмес, президенттин укуктарын абсолюттук кылып көбөйтүү сунушталып жатканын сындады. Муну менен катары президенттин эч кандай жоопкерчилиги каралбай калганын белгилеген. Ошондой эле Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүүдөгү мыйзам долбоорун бардык регламенттерди сактабастан коомдук талкууга алып чыкканына өзгөчө көңүл бурган.

Ал Жапаровдун Баш мыйзамдын долбоору боюнча сын айткан тараптарга кескин жооп берип жатканын мамлекетти башкарам деп жаткан адамдын сапатына туура келбей турганын белгиледи. Мадумаров алар жөн гана сындабастан кеңешчи орган түзүүнү, коомчулукта терең талкуулангандан кийин гана мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына киргизилиш керек экенин сунуш кылып жатканын айтты.

Партия лидери Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолукканын эске салып, анда уюм конституциялык реформаларды гендердик, улуттук кызыкчылык жана майыптардын кызыкчылыгы корголгон шартта колдоого аларын айтканын билдирди. Ал эми сунушталып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда парламентке шайланууда пропорционалдык системадан баш тартуу бар экенин айтып, мында жогорудагы айтылган өкүлдөр эске алынбай каларын билдирди. Мадумаров бул долбоордо президент бардык бийликти бир колго топтоп алат деп эсептейт. Саясатчы кыргызстандыктарды супер президенттик башкарууга каршы турууга чакырды.

23:30 20.11.2020

Калмаматов: Жээнбековдун башкаруу эрежесин Жапаров Конституцияга киргизгени жатат

Парламенттин мурдагы депутаты, президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Бактыбек Калмаматов сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун «Марал» радиосудагы маегинде кескин сындады.

«Эми бүгүн Жапаровдун бийлиги эмне деп жатат? «Конституциядан тыш башкарсаң эл кууп жиберет экен. Мен Жээнбековдун башкарган абсолюттук хан эрежесин китепке эреже кылып алайын» дейт. Бизде Конституцияда көрсөтүлгөн эрежеден тыш жашаш үчүн президенттер ар кандай жолдор менен бийликти узурпация кылып келди. Кагазда карасаң парламенттик, турмушта - президенттик. Акаевдин маалында, Бакиевдин маалында, Атамбаевдин маалында, Жээнбековдун маалында президенттик болду. Биздин эл парламенттик система жаман экенин кайдан билди, андай системада жашап көрбөсө? Азыр эки тараптын тең айтып жатканы жалган. Мына ушул 2010-2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдан «бийликти басып алсаң, узурпатор болсоң боло берет» дегенди таап берсеңер сыйлык берем», - деди экс-депутат.

Калмаматов буга чейинки бардык бийлик Баш мыйзамдан тыш башкаруу системасын орнотуп алганын айтып, кеп мыйзамда эмес, жеке саясатчылардын өзүндө экенин белгиледи.

Буга чейин өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун сындап жаткандарга жооп берген. Ал «Инстаграмдагы» баракчасына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазды.

23:30 20.11.2020

Шыкмаматов: Баш мыйзамдагы алешемдиктерге Жапаров да каршы

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоору боюнча «Азаттыкка» маек куруп жатып, андагы кемчиликтерге Садыр Жапаров да каршы экенин билдирди. Анын айтымында, долбоор коомдук талкууга коюлган 17-ноябрдан кийин Жапаров менен жолугушуу болгон. Ал жерде Садыр Жапаров Баш мыйзамдын азыркы долбоорундагы бир катар беренелерди сынга алган.

«Садыр Жапаров азыркы долбоордогу алешемдиктер боюнча макул эмес экенин байкадым. Ал курултай, президенттин мөөнөтү боюнча, сөз эркиндигине акаарат келгенине жана парламентин кээ бир укуктары түшүнүсүз болуп калганына нааразы болду. Жапаров менен Баш мыйзамдын долбоору жарыяланганга чейин да жолуккам. Ал сөз эркиндигин баалайт, президенттин диктатурасы орнобош керек экенин да билет. Эң негизгиси - Садыр Жапаров «жоопкерчиликти мойнума алам» деп жатат. Анын позициясы ушундай. Анын мүдөөсүн юристтер туура эмес жазган. Алар Жапаровду уят кылып коюшту. Же атайын кылыштыбы? Бул долбоорду талкуулаганга да болбойт. Ыргытып жиберип кайра башынан башташ керек», - деди ал.

Алмамбет Шыкмаматов Баш мыйзамдын азыркы долбоорун «мунжу» деп атап, документти Жогорку Кеңеш чакыртып алыш керек деп эсептейт. Ал конституциялык реформаны президенттик шайлоодон кийин өткөрсө туура болорун кошумчалады.

23:28 20.11.2020

Башкы прокурор Зулушев: Жоопкерчиликти күчөткөн башкаруу формасы тандалышы керек

Башкы прокурор, конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев Кыргызстан конституциялык реформа жүргүзүүдө бийлик башындагылардын жоопкерчилиги боюнча маселеге көңүл бурушу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 20-ноябрда «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

«Бизде президенттик башкаруубу, парламенттикпи, эң негизгиси, жоопкерчиликтүү бийлик орношу керек. Кабыл алган чечимиң мамлекеттин пайдасына болсо, алкыш алышың керек, ал эми мамлекетке зыян алып келсең, анын жоопкерчилигин тартышың керек. Ошондо жоопкерчиликтүү бийлик орнойт. Баары мыйзамды бузбоого аракет кылат. Эгер сен президент же өкмөт башчы болуп туруп узурпация кылсаң же кылмыш жасасаң сөзсүз камаласың. Мына, бизде мурдагы президент отурат. Бул эреже башталды. Муну эч ким жок кыла албайт. Демек, биз коркпой, президенттик башкарууну тандап, өкмөттү жоюп, президент өкмөттүн башына келет. Ал Жогорку Кеңешке бюджетти коргоп отчёт берет, өзүнүн ички жана сырткы саясаты менен аткаруу бийлигинин ишине түз жооптуу болот».

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлуп, талкууга чыгарылган Конституциянын жаңы долбоору коомдук-саясий чөйрөнүн кескин сынына кабылды. Саясатчылардын жана эксперттердин бир бөлүгү долбоорду өлкөнү туңгуюкка түртө турган мыйзам катары баалап, кайра кайтарууну талап кылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG