Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

10:49 20.11.2020

Бишкекте 20-ноябрда Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өтүп жатат.

Ага экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов, парламенттин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов, депутат Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын көрсөттү» деп белгилеген.

11:15 20.11.2020

Садык Шер-Нияз: Садыр мырзанын командасы кокустан түшкөн бакыттан башы айлана түштү окшойт. Муногу сунуштаган Баш мыйзамынын долбоору уят эле. Бизде азыр мындай болуп турат. Эл аралык коомчулук бизди тааныбай турат. Азыр аздыр-көптүр колдоп турат. Минте берсек, жакын коңшулар да жүзүн буруп кетет. Өзүңөр толук билбеген Конституцияңарды элге таңуулабагыла.

11:16 20.11.2020

Каныбек Иманалиев: Садыр Жапаровдун тарапташтары "биз парламентаризмге даяр эмес экенбиз" деп айтып жатат азыр. Мен тарыхты карап чыктым. Энесайдагы таш жазууларды карагыла. Анда "Мен мыйзамды сактайм деп жанымды бердим" деп жазылып турат. 13-кылым мурда Кыргыз каганатында мыйзамды бузушкан эмес. Конституцияны өзгөртсө болот. Бирок мындай кыска аралыкта эмес. Азыр бизге Баш мыйзамдын эң чабал варианты сунушталып жатат. Долбоорду юрист эмес, чала сабат публицист жазганы көрүнүп турат.

11:18 20.11.2020

Кубанычбек Исабеков: Азыр Жапаров суперпрезидент болгусу келип атат. Жаңы Баш мыйзамда парламент болот, бирок чечим кабыл албайт деп жазылып турат. Андай болсо, парламенттин эмне кереги бар? Биз азыр жардын кырында турабыз. Европа Биримдиги акча берүүдөн баш тартты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG