Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ЭЕ/АР беларус журналисттеринин куугунтукталышын айыптайт


Беларустагы нааразылык акцияларда аны чагылдырып жүргөн "Азаттыктын" алты кабарчысы сегиз күндөн 15 күнгө чейин эркинен ажыратылды.
Беларустагы нааразылык акцияларда аны чагылдырып жүргөн "Азаттыктын" алты кабарчысы сегиз күндөн 15 күнгө чейин эркинен ажыратылды.

Эркин Европа/Азаттык радиосу (ЭE/АР) Беларуста бийлик басма сөз эркиндигине басым-кысымды күчөткөнүн айыптады. Тоз-тополоң башталгандан бери аны чагылдырып жүргөн учурунда "Азаттыктын" беларус кызматынын алты журналисти сегиз күндөн 15 күнгө чейин эркинен ажыратылган.

Радионун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар "Беларус өкмөтү биздин журналисттерди жана башка кабарчыларды кармап, аларды кызматтык милдетин аткарып жатканы үчүн жазалап жатат. Бул жийиркеничтүү тактика беларус элине өлкөдөгү адам укуктары бузулуп жатканы боюнча маанилүү маалыматтарды жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таасир этпейт", деп билдирди.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү соңку 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Оппозиция шайлоо жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адам нааразылык акцияга чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келет. Күч органдарынын демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону жана журналисттердин кармалып-камалганы сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG