Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды, 432 кишиден аныкталды


Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы төрт кишинин өмүрүн алды.

Вирус бир күндө дагы 432 кишиден табылып, мурдагы ооруп калгандардын арасынан 517 киши сакайды.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1231 кишиге жетти.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы расмий саны - 69581, ооруканадан айыгып чыккандар - 60811 киши.

22-ноябрга карата жаңы аныкталган учурлар:

Бишкек шаары - 138;

Жалал-Абад облусу – 66;

Чүй облусу – 62;

Ысык-Көл облусу – 51;

Баткен облусу - 37;

Ош шаары - 27;

Ош облусу - 26;

Нарын облусу - 15;

Талас облусу - 10.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань калаасынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылып, жуктуруп алгандар 58 миллиондон ашты. Алардын 1 миллион 400 миңдейи жашоо менен кош айтышып, 40 миллиондон көбү айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG