Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Трамп мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге ырайым берди


Майкл Флинн.
Майкл Флинн.

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге ырайым берди. Бул тууралуу Трамп «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Генерал Майкл Флинн ырайым алганын жарыялайм. Флиннди жана анын абдан сонун үй-бүлөсүн куттуктайм, эми силерге жомоктогудай Алкыш айтуу күнү болот», - деп жазды Трамп.

Анын Флиннге ырайым берген чечими Сенаттагы демократтардын сынына кабылды. Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси муну «олуттуу коррупциялык иш жана одоно түрдө бийликтен кыянаттык менен пайдалануу» деп атады.

Өкүлдөр Палатасынын соттук комитетинин төрагасы, демократ Жерри Надлер чечимди «принципсиз, татыксыз жана президент Трамптын абдан тездик менен жок болуп бараткан саясий мурасындагы кезектеги кара так» деп сыпаттады.

Генерал Майкл Флинн президенттин кеңешчиси болуп 2017-жылы бир айга жетпеген убакыт иштеген. Ал Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө туура эмес маалымат бергени үчүн кызматынан кетип, кийин ага бул иш боюнча айып тагылган.

Флинн Федералдык иликтөө бюросунун кызматкерлерине жалган көрсөтмө бергенин моюнуна алган. Кийинчерээк ал өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, прокуратура анын укуктарын бузуп, туура эмес жол менен күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишимге кол койдурганын айтып келген. Мындан соң Флиннге карата чечим бир нече жолу кийинкиге жылган.

2017-жылы Дональд Трамп Майкл Флиннди кызматтан алып, бирок ага карата айыптарды негизсиз иш катары баалап, анын өзүн «жакшы адам» деп мүнөздөгөн.

Майкл Флинн Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча ишке айыпталган жана күнөөнү мойнуна алган жардамчыларынын бири болчу. Бул иш Дональд Трамптын башкаруусундагы жылдарда абдан резонанс жаратып, териштирүү жүргөн.

Орусиянын бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG