Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Черногория менен Сербия элчилерди өлкөлөрүнөн чыгарат


Сербия менен Монтенегронун жана аларга коңшу мамлекеттердин картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Сербиянын Монтенегродогу (Черногория) элчиси Владимир Божович Монтенегронун бийлигинин Сербия менен биригүү тууралуу 1918-жылкы чечимин «боштондук» деп атаганы эки өлкө ортосунда чатак жаратты.

Сербиялык дипломаттын сөзүн расмий Подгорице (Монтенегронун борбору) «Монтенегронун ички ишине кийлигишүү» катары баалап, Божовичке 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу эскертүү берди. Буга жооп кылып серб бийлиги Монтенегронун Белграддагы элчиси Тарзан Милошевичтин Сербиядан чыгып кетишин талап кылды.

1918-жылы Монтенегронун Жогорку элдик жыйыны сербдердин, хорваттардын жана словендердин мамлекети менен биригүү чечимин кабыл алган. Бул биригүү 1929-жылдан баштап Югаславия деп аталып келген.

Соңку монтенегролук тарых таанууга ылайык, Монтенегро падышачылыгынын түштүк монархияга кошулушу биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен ыктыярдуу болгон эмес жана Белграддын мажбурлоосу менен аткарылган деп эсептелет. Подгорице 1918-жылкы Жогорку элдик жыйын легалдуу чогулган эмес деп санайт.

2006-жылы Монтенегро (Черногория) өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG