Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Бишкек: Мектептин ачылышына каршы ата-энелердин да пикирин эске алуу жөнүндө талап коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы пандемия шартында балдарын мектепте эмес, үйдө окутууну каалаган ата-энелердин да пикирин эске алышы керек. Мындай талабын 2-декабрда шаардык кеңештин сессиясында депутат Базарбек Абдраев айтып, мэриянын азыркы тапта жүздөгөн балдар коронавирус менен ооруп жатканы тууралуу маалыматынан киийн ушундай пикирге келгенин билдирди:

«Азыр 638 окуучу коронавирус менен ооруп жатканын айттыңыз. Буга чейин мен да мектептерди ачыш керек деген пикириде болчумун. Бирок ушул цифраны угуп азыр көз карашымды өзгөрттүм. Эгер мектепти ачсаңыз жаш балдар транспортко отурушу керек болот жана мунун баарын көзөмөлдөп, колго алыш кыйын. Кээ бир ата-энелер балдарын жөнөтпөй, үйдөн окутууну каалап жатышат. Алар үчүн да шарт түзүлүп, онлайн да, үйдөн да окуй турган эки вариантты бирдей алып кетиш керек».

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 73 миңден ашты, алардын 1200дөн ашууну каза болду. Илдет Бишкек шаарында жана Чүй облусунда айрыкча көп катталууда. Март айында карантинге жабылган мектептер азыр да ачыла элек.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эгер эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон сакталса мектептерди жаңы жылдан кийин ачуу планы каралып жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG