Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Жо Байден америкалыктарды 100 күн бою беткап тагынууга чакырат


Жо Байден.
Жо Байден.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден 15-январда ант берип кызматка расмий киришкенден кийин америкалыктарды 100 күн бою беткап тагынууга чакырарын билдирди. Ал бейшембиде CNN телеканалындагы маегинде беткап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу чаралар натыйжалуу экенин эскертти. «Болгону 100 эле күн жана бул түбөлүккө созулбайт. Эгер биз муну ишке ашыра алсак ооруну азайта алабыз. Эгер биз беткап тагынууну эмдөө менен айкалыштыра алсак, анда статистиканы да болушунча азайтыбыз», - деди Байден.

АКШ келерки жылдан тартып жапырт эмдөөгө камынып жатат. Мунун алдында Кошма Штаттардын мурдагы үч президенти - Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон эмдөөнүн коопсуздугун көрсөтүш үчүн вакцинаны эл көзүнчө аларын билдирген.

АКШ - коронавирустан эң көп жабыркап жаткан өлкө. Пандемия башталгандан бери анда бул ооруну 14 миллион адам жугузуп алып, 257 миңдей бейтап көз жумду. Ушул тушта ооруканаларда 100 миңден ашык киши дарыланып жатат жана бул кезектеги антирекорд болуп калды.

XS
SM
MD
LG