Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Француз мугалимин өлтүргөн Анзоровдун сөөгү Чеченстанда жерге берилди


«Baza» «Телеграм» каналы Анзоровдун жаназасына анын тууган-уругу баштаган 200дөй адам катышканын билдирди.
«Baza» «Телеграм» каналы Анзоровдун жаназасына анын тууган-уругу баштаган 200дөй адам катышканын билдирди.

Чеченстандын Урус-Мартанов районуна караштуу Шалажи айылында 18 жаштагы Абдуллах Анзаровдун сөөгү жерге берилди. Ал Францияда мугалим Самюэл Патинин өмүрүн мыкаачылык менен кыйгандан кийин атып өлтүрүлгөн. «1ADAT» «Телеграм» каналы билдиргендей, Анзоровдун сөөгү 5-декабрда алынып келген жана ошондон кийин Шалажи айылы карантинге деп жабылган. Анзоровдун тажыясына келүүнү каалагандар көп болгондуктан бул айылга анда туруктуу жашагандар гана киргизилген, ушундан улам коңшу айылдарда автоунаа тыгыны пайда болгон.

Чечен мамлекеттик маалымат каражаттары Анзоровдун зыйнаты тууралуу расмий маалымат бере элек.

«Baza» «Телеграм» каналы Анзоровдун жаназасына анын тууган-уругу баштаган 200дөй адам катышканын билдирди. Коомдук коопсуздукту ондогон полиция көзөмөлдөп турду.

Париждин четиндеги мектептердин биринде иштеген Самюэл Пати сабак өтүп жатып, сөз эркиндигинин мисалы катары Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөнү үчүн 16-октябрда өлтүрүлгөн. Француз бийлиги буга байланыштуу улуту чечен Абдулла Анзоровду айыптаган.

Өлкөнүн президенти Эммануэл Макрон дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын айткан. Мындан кийин бир топ адам камакка алынып, Францияда мусулмандарды текшерүү күчөгөн жана бул айрым ислам өлкөлөрүн нааразы кылган.

XS
SM
MD
LG