Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Кыргызстанда 1843 мектеп кадимки режимде окутууну жандандырды


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Республика боюнча жалпысынан 1843 мектеп реалдуу режимде окутууну жандандырды. Бул тууралуу 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев атайын брифингде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, мектептердин ишин жандандырууда жергиликтүү шартка жараша мамиле жасалып, ар бир шаар менен айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынды.

Жалпы 1843 мектептин ичинен 610 мектепте 1-11-класстардын окуучулары баары толук салттуу тартипте окуп жатат. 401 мектепте 1-класстар гана, 107 мектепте 1-класс менен 11-класстын окуучулары, 30 мектепте 1-4-класстар имаратка барып билим алышууда.

12 мектепте 1-6-класстар, 12 мектепте 1-9-класстар, 9 мектепте 1, 5, 9-класстар, 21 мектепте 1, 9, 11-класстар, 89 мектепте 1-6, 9, 11-класстар, 183 мектепте 1-5, 9, 11-класстар, 73 мектепте 1-4, 9, 11-класстар, 294 мектепте 1, 5, 9, 11-класстар, 3 мектепте 1, 2, 9, 10, 11-класстар кадимкидей окуп жатат.

Көрсөтүлгөндөрдөн башка класстар онлайн жана аралыктан билим алууда.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө жалпы билим берүүчү 2292 мектеп бар.

Коронавируска байланыштуу мамлекеттик мектептердин дээрлик баары март айынан бери жабык турган. Алардын көбү 11-ноябрдан тартып кадимки тартипте иш жүргүзө баштаган. Менчик мектептер менен бала бакчалар ишин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу шартында улантып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG