Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Жо Байден Ллойд Остинди Пентагондун башчылыгына дайындашы мүмкүн


Ллойд Остин.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден өлкөнүн Коргоо министрлигине генерал Ллойд Остиндин талапкерлигин көрсөтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бир нече америкалык медиа каражаттары жазып чыкты. Ирак менен Ооганстандагы согуштардын ардагери Остин Пентагондун башчылыгына бекитилсе, өлкө тарыхындагы алгачкы афроамерикалык министр болушу мүмкүн.

67 жаштагы Ллойд Остин Вест-Пойнттогу Аскердик академияны аяктаган соң 41 жыл армияда кызмат өтөгөн. Ал Кошмо Штаттардын армиясынын штаб жетекчинин алгачкы ындыкара орун басары болгон. 2016-жылы эс алууга кетер алдында өлкөнүн борбордук командачылыгын башкарган.

Кийинки жылы 20-январдан тартып кызматка киришери күтүлүп жаткан Жо Байден Остинди Пентагондун жетекчилигине дайындаш үчүн Сенаттын макулдугун алышы керек.

Өмүр бою аскер кызматкери болгон Остин Сенат мүчөлөрүнүн каршылыгына кабылышы мүмкүн. Себеби Пентагондун жетекчилигине жарандык кызматты ээлегендерге ишеним көрсөтүлгөн учурлар көп болгон.

Мындан сырткары Ллойд Остин эс алууга чыккан соң бир нече компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Бул да аны жооптуу кызматка дайындоого жолтоо болушу мүмкүн.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы боюнча Демократиялык партиянын талапкери, экс-вице-президент Жо Байден алдыга чыккан. Бирок анын негизги атаандашы, учурдагы президент Дональд Трамп жеңилгенинин расмий түрдө моюнга ала элек. Буга карабай өлкөдө бийликти өткөрүп алуу жараяны башталган.

14-декабрда АКШдагы Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Жо Байдендин жеңишин жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG