Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

Талант Мамытов: Кыргызстан калыстыкты, мыйзамдуулукту бек сактай турганын 5-6-октябрдагы окуялар далилдеди


Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли калысытыкты жана мыйзамдуулукту бек сактай турганын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөй турганы дагы бир жолу далилдеди. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнү менен куттуктоосунда ушундай пикирин билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы аркылуу тараткан куттуктоосунда Мамытов адамдын укуктары жана эркиндиги төрөлгөндөн баштап берилерин, алар ар намыс, адилеттик, теңдик, сый-урмат жана көз каранды эместик сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделерин белгиледи. Ал бул укуктар Кыргызстанда мыйзам аркылуу аныкталып, корголорун билдирди.

10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнү. Бул күндү утурлай Кыргызстанда «Зомбулукка каршы 16 күн» аттуу өнөктүк жарыяланган.

Кыргызстанда 2020-жылдын жарымында эле 2019 зомбулук фактысы катталган. ИИМ бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп экенин билдирди.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасынын, президенттин милдеттин аткаруучунун кызматтарына 5-6-октябрдагы толкундоодон кийинки бийлик алмашуу процессинде келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG