Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

АКШ Матраимовдун аялын да «кара тизмеге» киргизди


Уулкан Тургунованын социалдык тармактардагы баракчасынан алынган сүрөт.
Уулкан Тургунованын социалдык тармактардагы баракчасынан алынган сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-декабрда «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бүгүн мен мурдагы кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык тандем түзгөнү үчүн «Магнитский тизмесине» киргиздим. АКШ коррупцияга каршы турат жана дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушун токтотуш үчүн жоопкерчиликти күчөтөт», деп жазды мамлекеттик катчы.

Кошмо Штаттар бул санкцияларды виза берүүнү чектеген мекемелер менен бирге колдонот. Жалпысынан бул тизмеге быйыл мурдагы кыргыз аткаминеринен баштап Гаитидеги кылмыштуу топтун башчылары, Чеченстандагы адам укуктарын бузгандар дагы кирген.

Помпео ошондой эле өз билдирүүсүндө бул багытта чогуу аракеттенген АКШнын өнөктөштөрүнө да ыраазычылык билдирди. Соңку 48 саатта Кошмо Штаттар менен Британия коррупцияга жана адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар 37 субъектини аныктады. Евробиримдик дагы ушул аптада бир нече адамга санкция салган.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовго санкция киргизген.

49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары бул мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келатышат.

20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлкү менен каржылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG