13-декабрда Беларустун баш калаасы Минскиде жана башка шаарларда Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган демонстрациялар өттү.
Мурунку жолкулардан айырмаланып, бул ирет бийлик метрону жапкан жок жана Интернет үзгүлтүккө учурабады.
«Весна» укук коргоо уюму билдиргендей, түшкө чейин Беларус коопсуздук күчтөрү кеминде отуз кишини кармады.
Беларуста бийликке каршы нааразылык иш-чаралардын башталганына 127 күн болду.
Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетип, саясий туткундардын бошотулушун жана куугунтуктоолордун токтотулушун талап кылып жатышат.
Беларус оппозициясынын бир катар лидерлери камалган, башкалары, анын ичинде Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
Кошмо Штаттар, Евробиримдик жана бир нече мамлекет Лукашенкону августта өткөн шайлоонун жеңүүчүсү катары таануудан баш тарткан.