Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

АКШда эмдөө программасы башталды


Нью-Йорктук медайым Сандра Линдсэй. 14-декабрь, 2020-жыл.
Нью-Йорктук медайым Сандра Линдсэй. 14-декабрь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда COVID-19 илдетине каршы жапырт эмдөө программасы башталды. 14-декабрда 140тан ашуун жерде медкызматкерлер вакцинанын алгачкы дозасын алышты.

Нью-Йорктогу медайым Сандра Линдсэй америкалыктардын арасынан биринчи болуп эмделди. Реанимация бөлүмүндө иштеген медайым башка вакциналардан айырмасын сезбегенин айтып, мекендештерин эмделип, коронавируска каршы күрөшкө салым кошууга чакырды.

АКШ COVID-19дан эң көп адам инфекцияланган жана өлүм-житимдин статистикасы жогору болгон өлкө бойдон калууда. Пандемия башталгандан бери 16,4 миллион киши вирусту жугузуп алды, 300 миңдей бейтап дүйнө менен кош айтышты. Өкмөт аптанын аягына чейин 636 жерге америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары чогуу иштеп чыккан препараттын 2,9 миллион дозасын жеткирүүнү пландап жатат.

Ал арада европалык бир катар өлкөлөр инфекциялангандар көбөйгөндүктөн кайрадан карантин жана чектөөчү чараларды киргизип жатышат.

XS
SM
MD
LG