Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Тед Липиен ЭЕ/АҮ медиа корпорациясынын президенти болуп дайындалды


Тед Липиен, «Эркин Европа / Азаттык Үналгысы» корпорациясынын жаңы президенти.

Америкалык журналист жана медиа менежер Тед Липиен «Эркин Европа / Азаттык Үналгысы» медиа корпорациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигинин башчысы Майкл Пэк маалымдады.

«Чет өлкөлөр үчүн америкалык берүүлөрдүн мүдөө-милдети менен көп кырдуулугун анча-мынча гана киши Тед сыяктуу аңдай алат», – деди Пэк мырза.

Тадеуш (Тед) Липиен 1953-жылы Польшанын түштүгүндөгү Мшана-Дольна шаарында туулган. 1970-жылы АКШга кеткен жана Жорж Вашингтон университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

1973-жылы ал «Америка доошу» үналгы компаниясында иштей баштаган. 1981–1993-жылдары анын поляк кызматын жетектеген. Ошол доор Польшадагы демократиялык жаңылануу үчүн күрөш, айтылуу «Солидарност» кесиптик кошуунунун жигердүү ишмердиги менен байланыштуу зор окуялар чагылдырылган.

1993–2003-жылдары Липиен Мюнхен менен Прагада Берүүлөр жаатындагы башкаруучулардын америкалык кеңешинде иштеген. 2003–2005-жылдары «Америка доошунун» Евразиялык бөлүмүнүн директору жана «Америка доошунун» директорунун орун басары болуп иштеген.

Ал аталган радиодогу ишинен Рим папасы Иоанн Павел Экинчинин өмүр таржымакалы жаатында эмгек жазуу үчүн кеткен. Андан соң ал «Эркин онлайн медиа» (Free Media Online) аттуу бейөкмөт уюмду түзүп, ал аркылуу көз карандысыз медиа каражаттарын колдоого алган.

Липиендин айтымында, ал өспүрүм кезинде эле «Эркин Европа» үналгысынын берүүлөрүн поляк жергесинде угуп, коммунисттик өкмөт элден жаап-жашырган маалыматтарды үйрөнгөн. «Бул (берүүлөр) мага жана миллиондогон кишилерге зор таасир тийгизген. Мага цензураны жарып өтүп, өз үнүн сыртка чыгаруу укугунан ажырагандардын добушун жеткирүүдө мол тарыхы бар дал ушул уюмга көмөк кылууну ишенип тапшырып жатышкандыгы – мен үчүн зор сыймык», – деп Липиен USAGM агенттигине билдирген. (TT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG