Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Түлөбаев: Бишкектеги мектептер менен отканалар газга өткөрүлөт


Балбак Түлөбаев.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 30-декабрда билдирди. Ал муну баш калааны каптаган түтүн маселесин чечүүнүн бир жолу катары көрөт.

Анын сөзүнө караганда, Бишкекте абанын булганышынын биринчи себеби - жагылып жаткан сапатсыз көмүр жана экинчиси - автоунаадан чыккан түтүн.

«Мен Бишкектеги мектептерди жана шаарга тиешелүү отканалардын баарын газга өткөрөм. Болот Абилдаев (ред: «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору) менен сүйлөштүм. Ал Бишкекте машинесине газ койдурууну каалагандарга газ коюп бере баштайт. Шаарга миңге жакын автобус керек. Газ менен жүргөн автобус алып келели деп атам», - деди Түлөбаев.

Ал Кара-Кеченин көмүрү исти көп чыгарган быша элек көмүр экенин, келерки жылдан баштап аны Бишкекке алып кирбөө маселеси көтөрүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Кыш келгенден бери Бишкек дүйнөдөгү шаарлардагы абанын булгануу деңгээлин күнү-түнү аныктап турган «AirVisual» тиркемесинде абасы эң булганыч алдыңкы он калаанын катарынан түшө элек.

Борбордо абанын кирдешине автоунаалардын газы, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп болору айтылып жүрөт. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG