Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Вашингтондо Трамптын тарапташтары чогулганы жатат


Вашингтон.
Вашингтон.

Вашингтон шаарында президент Доналд Трамптын тарапташтарынын митингинде коомдук коопсуздук камсыз кылууга Улуттук гвардия да тартылат. Трамптын тарапташтары Конгресс президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитип жаткан маалда нааразылык акциясына чыгарын жарыялашкан. 14-декабрда Шайлоочулар коллегиясы добуш берүүдө Жо Байден утканын ырастаганы менен президент жеңилгенин дагы эле мойнуна албай келет.

Трамп дүйшөмбүдө президенттик кызматта калууга «болгон күчү менен кармашарын» билдирди. Ал республикачыл мыйзам чыгаруучуларды Конгресстин Жо Байдендин жеңишин расмий бекитишине каршылык көрсөтүүгө чакырды.

Адатта Конгресстин президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитип бериши формалдуу эле көрүнүш болуп келген. Бирок бул жолу бери дегенде 12 республикачы сенатор менен Өкүлдөр Палатасынын айрым мүчөлөрү шайлоонун мындай жыйынтыгына каршы добуш берерин билдиришкен.

Трамп эч бир ынанымдуу далил келтирбестен, шайлоо олуттуу мыйзам бузуу, бурмалоо менен коштолгонун айтып келет. Бирок анын добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн арыздарынын көбүн соттор четке каккан. Юстиция министрлиги да президенттин дооматтарына негиз жок экенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG