Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Ошто ишкерлер алты «Тез жардам» машинесин алып беришти


Ош облусундагы ооруканаларга ушуну менен 24 «Тез жардам» автоунаасы берилди.
Ош облусундагы ооруканаларга ушуну менен 24 «Тез жардам» автоунаасы берилди.

Ош облусунда ишкерлер алып берген «Тез жардам» машинелери бир нече ооруканага бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Ош облустук санитардык автоунаа мекемеси билдирди.

Мекеменин директору Байыш Маматовдун айтымында «Тез жардам» машинелери Кореядан алынып келген, алардын кайсы ооруканаларга бөлүнүшүн ишкерлер өздөрү сунуш кылышкан.

«Ош облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө, облустук оорукананын төрөт стационарына, кургак учукка каршы күрөш борборуна, Ош облус аралык онкология борборуна, Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Нариман аймактык ооруканасына бирден берилди», - деди Маматов.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Ош облусунда жогорудагы алты автоунааны кошпогондо жалпысынан 18 «Тез жардам» машинеси элдин, ишкерлердин демилгеси менен ооруканаларга алынып берилген.

COVID-19 вирусу Кыргызстанда алгачкы жолу 2020-жылдын 18-мартында үч адамдан табылган.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-январдагы маалыматы боюнча илдетке чалдыккандар 81 656 адамга жетти. Алардын 77 170си айыгып, 1361 бейтап каза болду. (DU)

XS
SM
MD
LG