Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

17:22 9.1.2021

Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча кезектеги референдум 10-январда өтөт. Бул өлкө эгемендик алган 30 жылдагы сегизинчи жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы кандай?

Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоонун жыйынтыгы эки айлампа менен аныкталган учур боло элек. Ушуга чейинки жети президенттик шайлоонун басымдуу бөлүгүндө бийликтеги же бийлик алдыга сүрөгөн талапкерлер жеңишке жеткен. Ал шайлоолор канчалык таза өткөн? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.

17:27 9.1.2021

Москвадагы журтташтардын шайлоого даярдыгы

17:29 9.1.2021

Түркиядагы кыргызстандыктар бул өлкөдө коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-январда добушканага тоскоолдуксуз жетип алышы үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алынганы кабарланды.

Бул тууралуу Анкарадагы элчилик маалымат таратты. Анда элчилик жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе ала тургандыгы жазылган.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.

Четтеги журтташтар талапкерлерден эмнени күтөт?

17:54 9.1.2021

9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участкасында көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу тасма тарады. Аймактык шайлоо комиссиясы «Азаттыкка» мыйзам бузуу териштирилип жатканын кабарлады.

Ага чейин социалдык тармактарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүсүндө шайлоо купуялуулугу сакталбаганы тууралуу тасма тараган.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров, тасмадан мыйзам бузуу болгонун аныктай алышпаганы үчүн кызматкерлер териштирүү максатында видео тартылган жерге кеткенин айтты.

«Кайсы жерде болгону такталды. Азыр барып текшерип келебиз. Биз да Интернеттен көрдүк ал тасманы. Бул жерде алардын колундагы кагаз эмне экени байкалбай жатат. Барып текшермейинче айта албайбыз», - деди Расул Кадыров.

БШКнын маалыматында Ош шаарында 4595 киши күн мурунтан добуш берүүгө арыз менен кайрылган. Калаанын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашат.

Мыйзам бузулса бизге кайрылыңыз

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG