Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17
Жо Байден ант берип жатат
Жо Байден ант берип жатат

Жо Байден - АКШнын 46-президенти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.

Байден ант берүүгө даярданып жаткан маалда Трамп Ак Үйдөн чыгып, Флоридага учуп кетти

АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда жергиликтүү (Вашингтондогу) убакыт боюнча саат 12.00дө Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант бермекчи. Муну менен 78 жаштагы карыя саясатчы өлкөнүн тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы болуп калат.

Акыркы 152 жылдын ичинде биринчи жолу өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти ант берүү аземине катышпайт. Инаугурация аземине мурдагы президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон жана Барак Обама катышмакчы. Ал эми 96 жаштагы Жимми Картер аземге катыша албастыгын мурда билдирген.

Трамп жергиликтүү убакыт боюнча 08.15те Ак Үйдөн чыгып, тик учак менен Эндрюс аба базасына барды. Ал жерден үй-бүлөсүнө жана санаалаштарына кайрылып: “Сиздердин президентиңиздер болгонума абдан сыймыктанам. Рахмат”, - деп айтты.

Өз администрациясынын жетишкендиктери катары Трамп армияны “кайра куруу”, салыктарды азайтуу, согуш ардагерлерин камсыздоо, Жогорку соттун үч мүчөсүн дайындоо, коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу чараларын эскерди.

“Мен ар дайым сиздер үчүн күрөшөм, жакындан байкап турам жана сиздерге кулак салам,” – деди Трамп.

Андан кийин ал жубайы Мелания жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен президенттик учакка отуруп, Флорида штатына учуп кетти.

Ал эми вице-президент, республикачы Майк Пенс бир катар партиялаш конгрессмендер менен биргеликте демократ Жо Байдендин президент катары ант берүү жана кызматка киришүү аземине катышмакчы.

Жо Байдендин инаугурациясына коноктор чогулуп жатат. Ардактуу коноктор катары мурдагы президент Билл Клинтон жубайы Хиллари менен, анын аркасынан экс-президент Жорж Буш жубайы Лора менен, андан кийин дагы бир мурдагы мамлекет башчы Барак Обама жубайы Мишель менен келишти.

Көп узабай Жогорку соттун судьялары ант берүү өтчү жерге чогулушту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG