Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Навальныйдын он миңдеген жактоочулары Орусияда тайманбастан нааразылык чараларын өткөрүүдө


А.Навальныйды жактаган демонстранттардын Невский көчөсүндөгү жолун полиция тороду. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 23-январы.
А.Навальныйды жактаган демонстранттардын Невский көчөсүндөгү жолун полиция тороду. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 23-январы.

23-январда Орусиянын көптөгөн аймактарында убактылуу абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу жана жемкорлукту иликтөө талаптары менен нааразылык жыйындары байма-бай өткөрүлүп жатат.

Ишембидеги алгачкы нааразылык жыйындар Ыраакы Чыгышта жана Сибирдин шаарларында башталды. Коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна, кармап кетүүлөрүнө карабастан, ыраакы чыгыштык демонстранттар “Навальныйга боштондук!”, “Путин – ууру!” деп ураан чакырышты. Алар Владивосток, Хабаровск, Новосибирск, Томск, Иркутск, Барнаул сыяктуу шаарларда ызгаар суукка жана полициянын куугунтуктаганына карабастан көчөлөргө чыгышты. Якутск шаарында демонстранттар 50 градус суукка карабай митинг өткөрүштү. Жалпысынан, өлкөнүн Сибиринде жана Ыраакы Чыгышында 15 миңдей киши көчөгө чыккандыгы айтылууда.

Ишембидеги нааразылык жыйындар 2017-жылдагы ири элдик жыйындардан кийинки алгачкы эбегейсиз зор оппозициялык иш-чара болгондугун адистер белгилешүүдө. Ошол жылы өлкөнүн 99 шаарында жана шаарчасында нааразылык митингдер болгон.

Москва шаарындагы демонстранттардын бир бөлүгү. 2021-жылдын 23-январы.
Москва шаарындагы демонстранттардын бир бөлүгү. 2021-жылдын 23-январы.

Уралда Екатеринбург шаарында 15 миңдей киши 30 градус суукка карабастан демонстрация өткөрүштү.

Москва менен Санкт-Петербургда нааразылык жыйындар жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00тө башталды. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00да да Орусиянын Европа бөлүгүндөгү шаарларда нааразылык жыйындар улантылууда. Бирок ага чейин эле айрым тургундар коопсуздук кызматы тарабынан кармалып кетип жатты.

Орусиядагы көптөгөн демонстранттарды коопсуздук күчтөрү эл көзүнчө эле ур-токмокко алгандыгы кабарланды жана түз ободо көрсөтүлдү.

Тасма. А.Навальныйдын адвокаты жана үзөңгүлөшү Любовь Соболь Москвада кармалып кетти. 23.1.2021.

Жалпысынан, коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалгандардын саны миңден ашканы, алардын арасында Навальныйдын жубайы Юлия жана Навальныйдын штабынын ар башка шаарлардагы өкүлдөрү да бар экендиги айтылууда.

Москванын айрым жерлеринде (Трубная аянтында) кечке жууктап калган чакта коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусу болгондугу, бир нече киши кармалгандыгы кабардалды.


Бир нече көз карандысыз сыналгы каналдары окуяларды интернетте онлайн тартибинде чагылдырууда. (TT)

XS
SM
MD
LG