Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Парламенттин тиешелүү комитети өкмөттүн курамын талкуулайт


Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында. 1-февраль, 2021-жыл.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-февралда премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карайт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» комитеттин мүчөсү, депутат Аида Касымалиева билдирди.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштады. Тармактык комитет өкмөттүн курамын жактырса, маселе 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Улукбек Марипов кызматка келсе олуттуу реформаларды жасап, өкмөттүн курамынын 22 мүчөсүн 16га чейин кыскартарын жарыялады. Ал көпчүлүк коалициянын жыйынында өкмөттүн түзүмү менен курамын тааныштырган жок.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кирет. «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 2001-жылы ОшТУ жана ОшМУ окуу жайларын Финансы жана насыя, юриспруденция адистиктери боюнча бүтүргөн. 2001-2002-жылдарда Финансы министрлигинде биринчи категориядагы адис катары мамлекеттик органдардагы ишин баштаган.

2006-2010-жылга чейин президенттик аппараттын бөлүмдөрүндө эксперт, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын башчысы, 2010-2011 өкмөт аппаратынын инспектору, 2011-2015-жылдарда президенттин жардамчысы, 2015-2016-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

2016-жылы 18-мартта Эсеп палатасына аудитор болуп ишке орношуп, бир күндөн кийин эле төрагасы болуп дайындалган, ошондон бери бул кызматта иштеп келет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG