Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Түркия менен Азербайжан биргелешкен машыгуу башташты


Түрк-орус биргелешкен мониторинг борбору.
Түрк-орус биргелешкен мониторинг борбору.

Түркия жана Азербайжан дүйшөмбүдө Армения менен чек ара аймагында 12 күндүк ири масштабдагы аскердик машыгуу башташты. Түркиянын Карс шаарынын жанындагы машыгуу Баку менен Анкаранын байланыштары тереңдеп жатканынын дагы бир белгиси катары каралууда. Түркия жикчил Тоолуу Карабактын айланасында былтыр күзүндө болгон урушта Азербайжанды катуу колдоп келген. Түркиянын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө машыгуу кыш шартында аскердик координацияны жана аскерлердин даярдыгын камсыздоону көздөй турганы айтылат.

«Твиттердеги» видеодо Карс сепилине илинген түрк желегинин фонунда эки согуштук тик учакты көрүүгө болот.

30-январда Тоолуу Карабактагы атышпоонун сакталышына көз салган түрк-орус биргелешкен мониторинг борбору Азербайжанда ишин баштады.

Армения жана Азербайжан былтыр күзүндө алты жума согушуп, 9-ноябрда Москванын ортомчулугу менен тынчтык келишимине жетишилген. Документке ылайык Баку соңку салгылашууларда кайтарып алган аймактарды сактап калды. Ал жерлерди армян жикчилдери дээрлик 30 жылдан бери көзөмөлдөп келаткан.

Уруш 4 миң 700дөн көп кишинин өмүрүн кыйды. БУУнун эксперттери көптөгөн кишинин дайынсыз болуп жатканына тынчсызданышат.

XS
SM
MD
LG