Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун 17-февралда караганы жатат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин жалпы жыйынында төрага Талант Мамытов билдирди:

“Эмки үчүнчү күнү ушул жерде конституциянын долбоору боюнча демилгечи депутаттар чогулуп, кошумча сунуштарды эске алуу менен чогуу каралат”.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ошол эле дата (2020-жылдын 17-ноябры) менен конституциялык кеңешме жакында эле иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө эки айдан ашуун иштеген конституциялык кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Аталган кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген бул долбоорду 27-январда кабыл алган. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG