Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Фарид Ниязов: Жээнбековду тандап алуу менен эң чоң ката кетирдик


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов "Акипресс" агенттигине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы кетирген каталар тууралуу оюн билдирди.

Анда ал Атамбаевдин эң олуттуу жаңылыштыгы катары мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду мураскор катары тандап алганын эсептей турганын айткан.

"2017-жылдагы окуяларды эстеп таң калам. Сооронбай Жээнбековдун жоруктары жана адамдык сапаттарына жакшылап көңүл бурууну өтүнүп, бизге кимдер гана кайрылбады. "Мураскор" бийликти колуна алуу үчүн Сапар Исаков менен тандемди бузарын, биздин алар натыйжалуу иштейт деген үмүтүбүзгө суу себээрин кимдер гана эскертпеди. Партиялык активисттерден тартып, көрүнүктүү маданий ишмерлерге чейин! Жээнбековдун жердештеринен тартып, анын мурдагы кесиптештерине чейин! Бирок, китептерде жазылгандай, "биз аларды уктук, бирок уккан жокпуз, карап турдук, бирок көргөн жокпуз. Албетте, бул Атамбаевдин жана баарыбыздын эң чоң катабыз болду. Бирок бул эле эмес".

Жээнбеков тарабынан Ниязовдун мындай билдирүүлөрүнө комментарий боло элек.

2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков былтыр октябрдагы окуялардан кийин кызматын тапшырган. Ал Атамбаевдин колдоосу менен бийликке келип, кийин экс-президент менен мамилеси бузулган. Анын башкаруусу мезгилинде Атамбаевге жана анын командасындагы бир нече адамга карата кылмыш иштери козголуп, камакка алынган.

Ал эми Фарид Ниязов бир нече иштерге айыпталып камакта отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG