Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

17:11 15.4.2021

16:40 15.4.2021

15:57 15.4.2021

Зомбулукка каршы чыккандар ИИМдин алдынан сүрүлдү

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттерди белгисиз топ Ички иштер министрлигинин алдынан сүрүп чыгарышты.

Нааразы тарап бүгүн экинчи ирет митингге чыгышып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Алар Айзаданын өлүмүнө тиешелүү кызматкерлер жетиштүү жаза албай жатат деп сынга алышты.

Митинг өтүп жаткан жерге бейөкмөт уюмдарга каршы чыккан жана жалаң эркектерден турган топ келип, эки тарап кайым айтыша кетти.

Бул топтун өкүлдөрү Айзаданын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлери жазасын алганын, мыйзамдар укук коргоо органдарынын ишине тоскоол болуп жатканын, аны өзгөртүү зарыл экенин айтышты.

Митингге келген ИИМдин ардагерлери да журналисттердин суроолоруна ушундай эле өңүттө жооп берип жатышты.

Каршы топ “ЛГБТга жол жок!” деп кыйкырышып, зомбулукту токтотууну талап кылгандарды имараттын алдынан сүрүп чыгарды. Милиция айрым активисттерди такси менен ал жерден кетирди. Натыйжада митинг үзгүлтүккө учурады.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү аялдар укугун коргоо, зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн. Анын катышуучулары ар бейшемби сайын министрликтин алдына чыгарын билдиришкен.

5-апрелде үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен Айзада Канатбекованын жана аны уурдаган адамдын сөөгү эки күндөн кийин Бишкектин четинде талаадан, автоунаадан табылган.

Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы, Бишкекте да ага эки жыл мурда коркутуу боюнча арыз милицияга түшкөнү белгилүү болду. Бирок милициянын ага эмнеге чара көрбөгөнү белгисиз.

ИИМ кыз уурдалгандан кийин убагында аракет көрбөй, шалаакылык кылганы үчүн 40тан ашык милиция иштен алынып, жазасын алганын билдирүүдө.

15:54 15.4.2021

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шек саналган Замирбек Теңизбаевден кордук көргөн кыз «Азаттыкка» кайрылды. Ал кыз курбусун Теңизбаев бир нече ирет зордуктаганын, өзүн болсо 2019-жылы май айында бир үйдө муунтканда милицияга кайрылып, иш жабылганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG